Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 16-мартта «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев болду.
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуу маалында бир катар депутаттар меселеге байланыштуу айрым суроолорду такташты.
Эске салсак, буга чейин аталган мыйзам долбоорун, тагыраагы электрондук капчыкты мураска калтыруу демилгесин Улуттук банк колдогон.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.