Эми электрондук капчыктарды мураска калтырса болот: Улуттук банк демилгени колдоду

Бүгүн, 24-февралда эсептик ченге арналган маалымат жыйынында Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова электрондук капчыктарды мурас катары өткөрүп берүү боюнча суроолорго жооп берди.

Эми электрондук капчыктарды мураска калтырса болот: Улуттук банк демилгени колдоду
Сүрөт: BANKS.KG

Эске салсак, «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору электрондук акчаны мураска кошуу жана аны мураскорлорго өткөрүп берүү тартибин белгилөө максатында даярдалган.

«Коомдук талкууга КРнын Юстиция министрлигинин бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору коюлду. Өткөн жылы дагы «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда электрондук акчалар Депозиттерди коргоо агенттигинин коргоосунда турат. Демек, бүгүнкү күндө рынокто банктык эсептер эле эмес, электрондук капчыктар да бар. Буга чейин  инвестицияларды камсыздандыруу практикасы классикалык банктык эсептерге гана колдонулуп келген, бирок бүгүнкү күндө электрондук капчыктардын ээлеринин саны жана калктын электрондук капчыктарда сактаган суммасы ири болгондуктан, электрондук капчыктарга да жайылтылууда. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Улуттук банк Юстиция министрлигинин демилгесин колдоду. Биз бул практиканы изилдөөнү улантабыз», - деп билдирди Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы.

Эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:

6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13-бөлүктөрү менен толукталды:

12. Электрондук акчанын ээси каза болгон учурда электрондук акчаны кайтарып берүү боюнча талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мурастык массанын курамына кирет. 

13. Электрондук акчанын ээси каза болгондугу жөнүндө расмий билдирүү алган учурда электрондук акчанын эмитенти төмөнкүлөргө милдеттүү: 

  • каза болгон адамдын электрондук капчыгы боюнча операцияларды токтотууга;
  • нотариустун суроосу боюнча электрондук акчанын бар экендиги, анын көлөмү жана капчыктын реквизиттери жөнүндө маалымат берүүгө; 
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскерлик укугун (укук улантууну) ырастоочу документтердин негизинде каза болгон адамдын электрондук капчыгында турган каражаттарды мураскорлорго (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө берүүнү же которууну камсыз кылууга;

Документ 2025-жылдын 28-ноябрына чейин коомдук талкуулоо үчүн ачык болгон.

«Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинде 2026-жылдын 18-февралында катталган. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.