Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Бала ырысы» жөлөк пулун төлөө үчүн июль айында 200 млн сомдон ашык каражат багытталды

Июль айынан тарта дээрлик эки жүз миңдей кыргызстандык наристе ай сайын мамлекеттик төлөмдөрдү алышууда. Белгилүү болгондой, аталган жөлөкпул үч жашка чейинки балдарды колдоо максатында каралган.

«Бала ырысы» жөлөк пулун төлөө үчүн июль айында 200 млн сомдон ашык каражат багытталды
Иллюстрациялык сүрөт

Эске салсак,  1-июлдан тарта үч жашка чейинки балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, ай сайын 1200 сомдон берилүүчү жөлөкпул киргизилген. Июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады. Өз кезегинде коммерциялык банктар жөлөк пулду алуучулардын эсептерине акча каражаттарын которууну башташат.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталган. Аны жарандар онлайн түрүндө каттай алышат. 

Буга чейин биринчи этапта төлөмдөр «Элдик Банк» жана «АБанк» аркылуу ишке ашырылары, ал эми кийинчерээк системага дагы 13 коммерциялык банк кошулары кабарланган.

«Элдик банк» жөлөкпул алуу боюнча нускама жарыялаган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.