Эмгек министрлиги белгилегендей, биринчи этапта жөлөк пул мамлекеттик «Элдик Банк» жана «АБанк» аркылуу төлөнөт.
Бул банктардын маалыматтык системалары мамлекеттик система менен интеграцияланган. Кийинки этапта дагы 13 коммерциялык банкты туташтыруу пландалууда.
Жөлөкпулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сомду түзөт. Арызды «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары да кабыл алат.
Ал арада «Элдик банк» аталган жөлөк пулду алуу боюнча нускама жарыялады.
Нускамада «Бала ырысы» жөлөк пулун банк жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу алуу тартиби түшүндүрүлөт.
Эгерде кардардын банкта эсеби жок болсо, банктын мобилдик тиркемесин жүктөө керек (Android же iOS), тиркемеден каттоодон өтүп, эсеп ачуу керек – ошол эле учурда банктык картаны ачуу милдеттүү эмес. Эсеп ачылгандан кийин «Түндүк» тиркемесине кирип, жөлөк пул алуу үчүн арыз тапшыруу зарыл.
Эгерде кардардын эсеби же «Элкарт - Социалдык» картасы бар болсо, жөлөк пул алуу үчүн ошол эсепти же картаны колдонууга болот, жаңы эсеп ачуунун кажети жок. Аталган банктын айлык акы картасы же башка картасы жөлөк пулун алуу үчүн жарабайт. Бул учурда банктын бөлүмүнө кайрылып, «Элкарт - Социалдык» картасын ачуу керек (даярдоо мөөнөтү: Бишкек шаарында 5 жумуш күнүнө чейин, аймактарда 10 жумуш күнүнө чейин)
Арыз «Түндүк» тиркемеси аркылуу берилет, «Кызматтар» → «Сунушталган кызматтар» → «Бала ырысы» кызматын тандоо керек.
Эске салсак, аталган жөлөк пулду алуу үчүн бир сутка ичинде 14 миңге жакын арыз катталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.