«Тамчы» АФИА эл аралык стандарттарга ылайык талаш-тартыштарды чечүүнүн көз карандысыз механизмин алат

КРнын Юстиция министрлиги Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин элчиликтери, ошондой эле эл аралык финансылык институттардын жетекчилери менен консультацияларды өткөрдү. Анда АФИА «Тамчы» Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун түзүү маселелери талкууланды.

«Тамчы» АФИА эл аралык стандарттарга ылайык талаш-тартыштарды чечүүнүн көз карандысыз механизмин алат

Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. 

Юстиция министри Аяз Баетов менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ник Боулер өлкөгө англис укугунун элементтерин киргизүү боюнча практикалык кадамдарды талкуулашты. Жолугушуу эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн жана эл аралык финансылык институттардын катышуусунда өтүп, бул өлкөнүн укуктук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана инвестициялык потенциалын чыңдоого багытталган демилгелерге эл аралык коомчулуктун колдоосу жогору экендигин дагы бир жолу белгиледи.

Талкуунун негизги темасы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА «Тамчы») алкагында англис укугунун принциптерине негизделген жана коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык стандарттарды колдонууга багытталган Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун (International Dispute Resolution Centre – IDRC) түзүү болду.

Жолугушууга төмөнкү эл аралык уюмдардын жана институттардын өкүлдөрү катышты:

  • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы;
  • Азия өнүктүрүү банкы;
  • Дүйнөлүк банк;
  • Эл аралык ишкерлер кеңеши;
  • ошондой эле Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин, ошондой эле бир катар чет мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар төмөнкү заманбап укуктук инфраструктураны калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти:

  • инвестициялык климатты жакшыртуу; 
  • чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун ишенимин жогорулатуу; 
  • инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүү; 
  • коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүнүн натыйжалуу инструменттерин эл аралык стандарттарга ылайык киргизүү.

Белгилегендей, АФИА «Тамчы» алкагында IDRC түзүү Кыргызстандын укуктук чөйрөсүн өнүктүрүүдө, соттук-арбитраждык практиканын алдын ала болжолдоого мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда жана инвестициялык жана коммерциялык долбоорлордун катышуучулары үчүн кошумча кепилдиктерди камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат. 

Ошондой эле талаш-тартыштарды чечүүнүн көз карандысыз жана кадыр-барктуу механизмине ээ болуу инвестицияларды туруктуу тартууга жана жеке секторду өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү негизги факторлордун бири экендиги баса белгиленди.

Эске салсак, атайын финансылык инвестициялык аймак 2025-жылдын июль айында түзүлгөн. «Тамчы» АФИА республикалык бюджеттин эсебинен түзүлгөн. Каржылык борбор чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана экономиканын өсүүсүн камсыз кылууга багытталган. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.