Курс USD 87.30 / 87.78
Курс EUR 101.44 / 102.44
Курс RUB 1.108 / 1.132
Курс KZT 0.146 / 0.178
USD USD
87.30 / 87.78
EUR EUR
101.44 / 102.44
RUB RUB
1.108 / 1.132
KZT KZT
0.146 / 0.178

«Тамчыда» финансылык инвестициялык аймак түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
«Тамчыда» финансылык инвестициялык аймак түзүлдү

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 19-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестицияларды тартуу, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ошондой эле эл аралык финансылык стандарттарды жана жалпы укук принциптерин киргизүү болуп саналат. 

Мыйзам «Тамчы» АФИА түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган, ал чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана экономиканын өндүрүш, туризм, санаториялык-курорттук чөйрө, транспорттук инфраструктура сыяктуу ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мыйзамда өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын («Тамчы» АФИА) ишинин укуктук негизин белгилөө, аны түзүүнүн, чектерин белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, ошондой эле иштешинин тартибин аныктоо сунуш кылынат. 

«Тамчы» АФИА ишкердик ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кыла турган өзгөчө укуктук режимди алат. Бул режим инвесторлор үчүн салык жана юридикалык жеңилдиктерди камтыйт. 

Бул бизнес жүргүзүү үчүн ачык-айкын жана натыйжалуу укуктук чөйрөнү түзүү менен чет элдик инвесторлордун ишенимин камсыз кылат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.