Кыргыз алтынын импорттоо боюнча Швейцария алдыда

Кыргызстандын эң көп экспорту Швейцария, Кытай, Орусия жана Өзбекстанга туура келген.

Кыргыз алтынын импорттоо боюнча Швейцария алдыда
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык: 

  • Швейцария — 437,8 миллион долларлык алтын; 
  • Кытай — 89,9 миллион долларлык баалуу металл рудалары жана концентраттары; 
  • Орусия — 80,6 миллион долларлык кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар, ошондой эле 35,6 миллион долларлык жемиштер жана жаңгактар; 
  • Өзбекстан — 175,1 миллион долларлык баалуу металл рудалары жана концентраттары.

Ошентип, экспорттун негизин баалуу металлдар жана жеңил өнөр жай продукциялары түзөт.

КРнын Улуттук банкынын маалыматы боюнча 2026-жылдын 2-мартына карата төмөнкү баалар белгиленген:

  • 1 грамм — сатып алуу 16 миң 35,5 сом, сатуу 16 миң 115,5 сом;
  • 2 грамм — сатып алуу 30 миң 794 сом, сатуу 30 миң 917 сом;
  • 5 грамм — сатып алуу 75 миң 313,5 сом, сатуу 75 миң 539,5 сом;
  • 10 грамм — сатып алуу 147 миң 745 сом, сатуу 148 миң 40,5 сом;
  • 31,1035 грамм — сатып алуу 458 миң 828,5 сом, сатуу 465 миң 711 сом;
  • 100 грамм — сатып алуу 1 млн 475 миң 19,5 сом, сатуу 1 млн 519 миң 270 сом.

Баалар дүйнөлүк алтын рыногундагы кырдаалга жана улуттук валютанын курсунун динамикасына жараша күн сайын жаңыланып турат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.