Беш ай аралыгында бардыгы болуп 9,46 млрд сом инвестицияланды. Каражаттын негизги бөлүгү Мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) тагыраагы, 7,76 млрд сом жайгаштырылды жылдык кирешелүүлүгү 16% чегинде. Ал эми коммерциялык банктардын депозиттерине 1,7 млрд сом багытталган, жылдык кирешелүүлүгү 11,3-14,3%.
Январь-май айларында жалпысынан 3,2 млрд сом киреше алынды. Анын ичинен:
- мамлекеттик баалуу кагаздар – 2,53 млрд сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 293,3 млн сом;
- акциялар боюнча дивиденддер – 185,9 млн сом;
- эсептердеги калдыктардан түшкөн пайыздар – 9,2 млн сом.
Социалдык фонд инвестиция жарандарга пенсиялык топтоолорун сактоого жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.