Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Wildberries кампаларындагы жарылуулар: белгилүү болгон жагдайлар жана Кыргызстандын сатуучуларын эмне күтөт

Көптөгөн кыргызстандык ишкерлер үчүн орусиялык маркетплейс негизги сатуу каналдарынын бири бойдон калууда. Кампалар жабыркагандан кийин компания сатуучуларды колдоо чараларын көрөрүн билдирди.

Wildberries кампаларындагы жарылуулар: белгилүү болгон жагдайлар жана Кыргызстандын сатуучуларын эмне күтөт
Сүрөт: ЖИ

Бул тууралуу Banks.kg сайтына Wildberries Кыргызстан билдирди.

Орусияда 18-июлга караган түнү Электросталь жана Котовск аймагынлагы Wildberries логистикалык комплекстеринде жарылуулар болду. Анын кесепетинен каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Ошондой эле миңдеген сатуучулардын, анын ичинде Кыргызстандын маркетплейс өнөктөштөрүнүн товарлары сакталган кампалар жабыркады.

Бул окуя Wildberries аркылуу Орусиянын рыногунда иш алып барган сатуучулардын арасында олуттуу тынчсызданууну жаратты. Көптөгөн кыргызстандык ишкерлер үчүн бул маркетплейс негизги сатуу каналдарынын бири болгондуктан, товарлардын сакталышы жана мүмкүн болгон компенсациялар эң көп талкууланган маселелердин бирине айланды. 

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга компания тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. 

«Мен буга чейин айткандай, компания Электросталь жана Котовск шаарларындагы логистикалык комплекстерибизге жасалган кол салуулардан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга колдоо көрсөтөт», - деди ал.

Анын айтымында, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2 миллион рубль, ал эми оор абалда жабыркагандарга 1 миллион рубль төлөнөт.

Татьяна Ким ошондой эле жабыркаган кампаларда сакталган сатуучулардын товарлары боюнча жагдайга өзүнчө токтолду.

«Биздин бардык өнөктөштөрүбүздү объектилерибизде сакталган товарлар үчүн компенсация маселеси тынчсыздандырууда. Өзгөчө кырдаал болуп жатканына жана жоголгон товар үчүн компенсация төлөп берүү боюнча юридикалык милдеттенмебиз жок экенине карабастан, биз сатуучуларга төлөнө турган компенсациялардын көлөмүн жана башка каржылык колдоо чараларын иштеп чыгып жатабыз. Бул төлөмдөр, колдоо чаралары жана аларды алуу тартиби тууралуу сатуучунун порталында кеңири маалымат беребиз. Колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем, биз бирге болгондо күчтүүбүз. Каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп кошумчалады ал.

Ошентип, Wildberries өзгөчө кырдаалда жоголгон товар үчүн юридикалык милдеттенмеси жок болсо да, сатуучуларга каржылык жардам көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Компенсациялардын көлөмү, эсептөө тартиби жана төлөө мөөнөттөрү азырынча ачыктала элек. Компания бул боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү сатуучулар үчүн порталында жарыялоону убада кылды.

Бул маалымат кыргызстандык ишкерлер үчүн өзгөчө мааниге ээ. Акыркы жылдары кийим-кече, текстиль, үй-тиричилик товарлары, косметика жана башка багыттагы көптөгөн өндүрүүчүлөр Орусиянын маркетплейстерине активдүү чыга башташкан. Ал эми Wildberries Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси үчүн экспорттун эң ири каналдарынын бирине айланган.

Эске салсак, апрель айында Wildberries КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Анын алкагында платформада «Кыргызстанда жасалган» аталышындагы өзүнчө бөлүм ачылышы пландалган.

Эгер кыргызстандык сатуучулардын товарларынын бир бөлүгү Электросталь же Котовск шаарларындагы кампаларда сакталган болсо, аларга сатуучунун жеке кабинетиндеги билдирүүлөрдү жана маркетплейстин расмий маалыматын байма-бай көзөмөлдөп туруу сунушталат. Компания компенсация берүү механизми, талап кылынуучу документтердин тизмеси жана арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү тууралуу маалыматты дал ушул сатуучулар порталы аркылуу жарыялоону пландап жатат.

Белгилей кетсек, ТИМдин алдын ала маалыматына ылайык, Электросталь аймагында 45 адам жабыркап, бир адам каза болгон. Ал эми Котовскто жети адам каза болуп, дагы 32 адам жаракат алган. Көпчүлүгүнүн документтери күйүп кеткендиктен, каза болгондордун жана жабыркагандардын айрымдарынын жарандыгы такталууда. 

«Учурда каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары бар экендиги тууралуу расмий тастыкталган маалымат жок. Кыргыз Республикасынын бир жараны - Ж. уулу А., 2005-жылы туулган, жеңил жаракат алып ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Буга чейин элчиликке түнкү нөөмөттө иштеген Кыргыз Республикасынын жараны О.А., 2005-жылы туулган, дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал жакындары менен байланышып, жумуш ордунан эртерээк чыгып кеткенин, ал эми телефону өчүк болгонун билдирген», — деп маалымдашты ТИМден.

Министрликтин маалыматына ылайык, элчиликке эвакуацияланып чыгууга жетишкен, бирок жеке буюмдары менен документтерин жоготкон Кыргыз Республикасынын эки жараны кайрылган. Аларга мекенине кайтып келүү үчүн күбөлүк документтерин тариздөөдө көмөк көрсөтүлгөн.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.