Курс USD 87.12 / 87.62
Курс EUR 99.82 / 100.82
Курс RUB 1.098 / 1.127
Курс KZT 0.118 / 0.185
USD USD
87.12 / 87.62
EUR EUR
99.82 / 100.82
RUB RUB
1.098 / 1.127
KZT KZT
0.118 / 0.185

Кепилдик фонд «Ылдам» жаңы продуктусу боюнча кепилдиктерди берүүдө

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери «Кепилдик фонд» ААК «Ылдам» жаңы кепилдик продуктусу боюнча жалпы суммасы 6 миллион 607 миң сомго 10 кепилдик берди. Бул ишкерлерге 27 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүндүк берди.
Кепилдик фонд «Ылдам» жаңы продуктусу боюнча кепилдиктерди берүүдө

«Ылдам» жаңы продуктусу өлкөнүн каржы тармагына үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында бизнес эртең мененки тамактануу учурунда расмий түрдө сунушталган. Иш-чаранын алкагында «Ылдам» портфелдик кепилдикти ачык сунуштоо боюнча алгачкы төрт келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Макулдашуунун катышуучулары «Бакай Банк» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Банк Бай Түшүм» ААК жана «МБанк» ААК.

«Ылдам» продукту кичи жана орто бизнестин күрөөсү жетишсиз болгондо кредит алуу процессин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында иштелип чыккан. Механизм портфелдик негизде иштейт жана «Кепилдик фонд» ААКсынын тарабынан ар бир жеке өтүнмө боюнча кошумча талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

Эске сала кетсек, «Ылдам» продуктусу боюнча биринчи кепилдик 2025-жылдын 25-мартында 1,06 миллион сом өлчөмүндө берилген. Бул колдоонун аркасында Жалал-Абад облусунун бир ишкери транспорттук кызмат көрсөтүү тармагында бизнесин өнүктүрүү үчүн «Азия Банк» ЖАКтан 4 млн сом өлчөмүндө насыя алды.

«Ылдам» продуктунун сунушунун шарттары менен кененирээк төмөнкү шилтемеден биле аласыз: https://gf.kg/garantijnyj-produkt-yldam/.

  • +996 (556) 62-53-79; 
  • +996 (554) 17-71-05;
  • +996 (312) 62-53-79.

Фото: www

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.