Кыргызча жаңылыктар
Новости
Жакындарыңызды каржылык алдамчылыктан коргоңуз!
КРнын Улуттук банкы алдамчылыктын түрлөрү жана андан коргонуунун жолдору тууралуу айтып беришти. Балдарыңызга жана улгайган туугандарыңызга алдамчылардын айла-амалдарынан кантип сактануу керектигин түшүндүрүңүз.
18:18, 26.10.2026Каржылык сабаттуулук кимге жана эмне үчүн керек?
Каржылык сабаттуулук - бул адамдын финансы жаатындагы билими, кирешелерин жана чыгашаларын башкаруу, кирешесин көбөйтүү жана финансылык капитал топтоо жөндөмү.
15:54, 26.10.2026Жылдыз Базаркулова: «Акча топтоону аз суммадан да баштаса болот»
Финансылык сабаттуулук күн сайын кабыл алган чечимдерибизден башталат. FINCA Банктын тренери Жылдыз Базаркулова чыгашаларды пландаштырууну, акча топтоону жана алдамчыларды таанууну үйрөнүүгө кантип жардам берерин айтып берди.
13:07, 26.10.2026Топтомо пенсиядагы миллиарддар: кимге канча төлөп беришти
Кыргызстанда пенсиялык топтоолорду ипотеканы жабууга, турак жай сатып алууга же оор ооруларды дарылоого кеткен чыгымдарды төлөөгө жумшоого болот. 2026-жылдын 1-октябрына карата 248 125 адам аталган төлөмдөрдү алды алардын жалпы суммасы 7,39 миллиард сомду түзгөн.
15:43, 23.10.2026Улуттук банк банк мыйзамдарына ири масштабдуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи
КРнын Улуттук банк башкармасынын токтом долбоору калк жана бизнес үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, ошондой эле кредиттөө жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
13:01, 23.10.2026Август айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы 269,6 млн долларды түздү
Акча которуулардын агымынын түзүмүн салттуу түрдө КМШ өлкөлөрү алдыда болуп, алыскы чет өлкөлөрдөн кыйла озуп келет. Ошол эле учурда август айында АКШдан түшкөн каражаттардын рекорддук көлөмү катталды.
10:05, 23.10.2026Окумуштуулардын үстөк акылары көбөйтүлөт. Канча алып башташат?
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги окумуштуулук даража үчүн берилүүчү үстөк акыларды эки эсе көбөйтүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
16:08, 22.10.2026Эмнеге исламдык каржылоодо пайыз менен акча берүүгө болбойт?
«Ислам каржысы 1.0.1» семинарынын алкагында катышуучулар шариат нормаларына ылайык, бүтүмдөрдү түзүү принциптери жөнүндө кененирээк маалымат алышты.
13:26, 22.10.2026Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен байланышкан бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү төмөндөтүлгөн
Тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 505 токтому менен кабыл алынып, нотариустар тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн Кадастр органдарында белгиленген мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүнө теңдештирүүгө багытталган.
13:22, 22.10.2026Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерден улам 52 компания ишмердүүлүгүн токтотту
Кечээ, 21-октябрда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту.
11:32, 22.10.2026Кыргызстанда жаңы жылдан тарта айрым жөлөк пулдар жана пенсиялар көбөйтүлөт
Президент Садыр Жапаров айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууну караган жарлыкка кол койду. Өзгөртүү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
09:13, 22.10.2026Акча адалдаган кыргызстандык компаниялар лицензияларынан ажыратылышы мүмкүн
Финансы министрлиги кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
17:09, 21.10.2026Кыргызстанда инвесторлорду тартуу үчүн бир катар тоскоолдуктар жоюлат
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
15:08, 21.10.2026Акчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүз!
Социалдык тармактарда MBANKтын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев катышкан видеолор көбөйүүдө. Ал ишенимдүү түрдө мындай дейт: «Биз инвестициялык платформаны ишке киргиздик. Эгер биринчи айда эле чоң кирешеге чыга албасаңыз, акчаңызды өз чөнтөгүмдөн кайтарып берүүгө даярмын...».
14:15, 21.10.2026Кыргызстанда онлайн-лотереялар көзөмөлдө: Финкөзөмөл эмнени текшерет жана катышуучулар эмнелерди билиши керек
Онлайн-лотереяга катышуудан мурун анын мыйзамдуулугун текшерүүгө болобу жана жөнгө салуучу орган жеңүүчүнүн аныкталышын кантип көзөмөлдөйт? Мамлекеттик финкөзөмөл Banks.kg редакциясына уюштуруучулар жана катышуучулар үчүн белгиленген эрежелер тууралуу айтып берди.
13:17, 21.10.20261% өлчөмүндөгү салык 110 миңден ашык жумушчуну көмүскөдөн чыгарууга жардам берди
Кыргызстанда киреше салыгы 1%га чейин төмөндөтүлгөндөн кийин расмий иштеген таксисттердин, курьерлердин жана тигүү тармагынын кызматкерлеринин саны 110 миңден ашты.
17:17, 20.10.20261-октябрга карата жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 324 млрд сомду түздү
Анын ичинен 30 млрд 874,6 млн сом Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кассаларында, ал эми калган 293 млрд 125,6 млн сом - банк тутумунан тышкары болгон.
14:27, 20.10.2026Улуттук банк «ислам терезелеринин» иштөө эрежелерин жаңыртып, мурабаха келишимдерин жөнөкөйлөтөт
Улуттук банк КРнын комбанктарындагы «ислам терезелеринин» ишине коюлган талаптарды тактап, ислам принциптерине ылайык каржылоо тартибин жөнөкөйлөткөн токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
13:01, 20.10.2026Кыргызстанда жашоо минимуму үч айда араң өстү
2026-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстанда киши башына эсептелген орточо жашоо минимуму айына 9 890,28 сомду түздү. Экинчи чейрекке салыштырмалуу ал болгону 17 сомго өскөн.
17:47, 19.10.2026Кыргызстан чет өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү көбөйттү
Кыргызстандын тышкы соода алакасы барган сайын жигердүү жүрүүдө, бирок товар жүгүртүүнүн түзүмү бирдей эмес болууда: импорттун үлүшү 81%ды түзсө, экспорт - бештен бир бөлүгүнө да жетпейт.
15:46, 19.10.2026Баалар асман чапчууда: жыл башынан бери Кыргызстанда эмнелер кымбаттады
Жыл башынан бери Кыргызстанда баалар жана тарифтер 8,1%га өстү. Баарынан дагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттады. Ал эми азык-түлүктөрдүн ичинен эт, сүт азыктары жана өсүмдүк майы кымбаттады.
14:33, 19.10.2026Кыргызстанда эмгек акылар инфляцияны эске алуу менен индексацияланат
Жогорку Кеңеш 15-октябрда Эмгек кодексине эмгек акыларды индексациялоо механизмин кайра киргизүүнү караган түзөтүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды.
17:37, 16.10.2026MBANK’тын «Маниполия» жаңы акциясында 350 000 байге жана 50 000 000 сом!
MBANK «MBANK’тын Маниполиясы» аттуу масштабдуу акциясын баштады. Жалпы байге фонду 50 миллион сомду түзгөн 350 000 байге, кызыктуу тапшырмалар жана атайын баш байге - 2026-жылкы жаңы BMW X5 xDrive 40i унаасы даярдалды.
17:24, 16.10.2026Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандарды жумушка орноштурган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык контракт» программасынын жаңы этабын баштады.
15:01, 16.10.2026Кыргызстандын экономикасы өсүүнү улантууда: 9 айдын жыйынтыгы
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2026-жылдын январь–сентябрь айларында 1 трлн 640,9 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөнүн экономикасы 10,8%га өстү.
13:27, 16.10.2026Эмгек министрлиги кандай учурларда социалдык контракт токтотуларын айтты
2026-жылы «Социалдык контракт» программасынын алкагында 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалган.
11:32, 16.10.2026Эми «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун тиркеме аркылуу тариздөөгө болот
Мындан ары наристе төрөлгөндөн кийин ата-энелер «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун тариздөө үчүн Калкты тейлөө борборуна барып отуруунун кажети жок. 4 000 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду алуу үчүн арызды түз эле смартфон аркылуу берүүгө болот.
16:07, 15.10.2026Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң сомдон ашты
2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акы 55 миң 79 сомду түздү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7%га өстү.
14:34, 15.10.2026Акчалай валютаны сатып албастан, сомду кантип санарип долларга которсо болот
Кыргызстанда QR-коддор аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүү тездик менен өсүүдө. Эми алардын жардамы менен сатып алуулар үчүн гана төлөбөстөн, Binance криптобиржасындагы эсепти да толуктоого болот.
12:07, 15.10.2026Орусия Кыргызстанга салык системасын жакшыртууга жардам берет
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банктын тобу жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты.
09:43, 15.10.2026