3 күндүн ордуна 10 мүнөт: Жеке ишкерликти кайра каттоо онлайн болду

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке ишкерлерди (ЖИ) онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди.

3 күндүн ордуна 10 мүнөт: Жеке ишкерликти кайра каттоо онлайн болду
Иллюстрациялык сүрөт

Эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат.

Онлайн кайсы операциялар жеткиликтүү 

Сервис төмөнкү операцияларды камтыйт:

  • юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө);
  • салыктык каттоо районун өзгөртүү;
  • салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү;
  • ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.

Тез жана бюрократиясыз

Мындан ары жеке ишкерлерге кайра каттоо үчүн салык органдарына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок. Арызды кароо мөөнөтү мурда эки-үч жумушчу күн болсо, эми болгону 5–10 мүнөттү гана талап кылат.

24/7 режиминде каалаган аймактан

Кызмат күнү-түнү иштейт. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси толугу менен автоматташтырылган.

Өкмөттүк акселераторлордун алкагында

Белгилей кетсек, аталган сервис Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүн ичинде жүзөгө ашырылды.

Сервистин иштөөсү менен МСКнын YouTube-каналы аркылуу кыргыз тилинде  жана орус тилинде тааныша аласыз.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.