Дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын залкар жазуучусу, дүйнөдөгү эң көп окулган заманбап жазуучулардын бири Чыңгыз Айтматовдун урматына Кыргызстанда Улуттук адабият күнү расмий түрдө белгиленип келет.
Чыңгыз Айтматов XX кылымдын залкар жазуучусу болуп саналат, анын чыгармачылыгы гуманизмди жана маданий салттарды камтыйт. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, тасмаларга, спектаклдерге, операларга негиз болуп, бүткүл адамзаттын руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Айтматовдун он миллиондогон нускада жарык көргөн китептери коомдун билим берүү жана тарбиялоо процессинин бир бөлүгү болуп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мектеп жана жогорку окуу жайларында окуу программаларына киргизилген.
Мындан тышкары, Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Кош бол, Гүлсары!» жана «Ак кеме» чыгармалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган беш эстелик монетада түбөлүккө калтырылды. Ал эми «Ч. Айтматов» - сериясынын алтынчы монетасы жазуучунун өзүнө арналган.





2009-жылдын 4-майында номиналы 10 сом болгон коллекциялык күмүш монеталардын сериясы жүгүртүүгө чыгарылган. Аталган серия 2010-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн «Монета жылдыздары – 2010» төртүнчү эл аралык эстелик монета сынагынын алкагында, «БИБЛИО-ГЛОБУС» соода үйүнүн ардак диплому менен сыйланган.

Монеталар жеке кутуларда жана бардык алты монетадан турган комплектте чыгарылган.
Чыңгыз Айтматовго арналган эстелик монеталар Кыргызстанда расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Эске салсак, Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата бир катар видео роликтерди чыгарган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.