Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Мындан ары «АБанк» жана «Элдик Банк» жеңилдетилген насыяга арыздарды колдон кабыл албайт

2026-жылдын 1-июнунан тарта Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек башталат.

Мындан ары «АБанк» жана «Элдик Банк» жеңилдетилген насыяга арыздарды колдон кабыл албайт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Эми iDyikan платформасы аркылуу онлайн тапшырып, күтүү тизмесине кошулууга мүмкүн. Өнөктөш-банктар «АБанк» жана «Элдик Банк» мындан ары арыздарды колдон кабыл албайт.

Кызмат аркылуу фермерлер каттоодон өтүп, каржылоого арыз берип, аралыктан кезекке туруп, реалдуу убакыт режиминде алардын абалына көз сала алышат.

Министрлик жаңы система жеңилдетилген насыяларды берүүнү ачык-айкын жана ыңгайлуу кылат деп белгиледи.

Ошондой эле, келечекте iDyikan мобилдик тиркемесин ишке киргизүү да пландалууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.