Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Салык мыйзамдарына ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып агрегаторлордун маалыматтык системаларын колдонгон таксомотордук ташуу жана жүк ташуучуларды курьердик жеткирүү жана башка ушул сыяктуу категорияларда иштеген жактар үчүн салык салуунун жаңы тартиби киргизилет.
«Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор тарабынан аткарылат», - деп жазылат маалыматта.
Салык автоматтык түрдө жеке жактардын кирешесинин пайызы катары төмөнкү киреше салыгынын ставкалары боюнча эсептелет:
- 2025-жылдан 2028-жылга чейин – 1% ;
- 2028-жылдан 2030-жылга чейин – 2% ;
- 2030-жылдан тартып жана андан ары – 5%.
«Мисалы, 2025-2028-жылдар аралыгында ставка 1% ды түзөт. Айына 30 000 сом киреше түшсө, салык 300 сом болот. Бул учурда, агрегатор салыктын суммасын кармап калып, аны бюджетке которот, ал эми жеке жак салыкты өз алдынча эсептеп, төлөбөйт», - деп билдирди МСКнан.
Белгиленгендей, бул ченем төмөнкүлөргө багытталган:
- салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө,
- өз алдынча иштеген жарандарга административдик жүктү азайтууга,
- кирешелердин ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.