Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Дыйкандар жеңилдетилген лизинг менен 6,7 миллиард сомдук техника алышты

Кыргызстанда мамлекеттик лизинг долбоорлору аркылуу эки банктын катышуусу менен товар өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча иштер уланууда.

Дыйкандар жеңилдетилген лизинг менен 6,7 миллиард сомдук техника алышты
Иллюстрациялык сүрөт

2026-жылы 6,7 млрд сомго 2 186 даана техника лизинг аркылуу тапшырылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, долбоордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар 6% жылдык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.

Аталган программа 2011-жылдан тартып «АБанк» жана «Элдик Банк» тарабынан ишке ашырылып келет.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик лизинг долбоорлору аркылуу жалпы суммасы 24,8 млрд сомго 11 986 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга берилди. 

Жеңилдетилген лизинг айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоонун негизги куралдарынын бири бойдон калууда жана ал дыйкандарга техникаларын жеткиликтүү каржылык шарттарда жаңыртууга мүмкүндүк берет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.