Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млн сомго көп.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 7 айында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон алкоголдук продукциялардан түшкөн акциздик салыктын көлөмү 426 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 млн сомго көп.
2024-жылы республикада өндүрүлгөн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон алкоголдук продукциядан түшкөн жалпы акциздик салыктын көлөмү 4 млрд 302 млн сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 372 млн сомго көп болгон.
Акциздик маркаларды көзөмөлдөө Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгон продукция — салыктык көзөмөлдүн негизинде. үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген продукция — бажы көзөмөлүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Салык кызматы жарандарды жасалма жана контрафакттык продукцияны колдонуудан качуу үчүн алкоголдук продукциядагы акциздик марканын аныктыгын текшерүүгө чакырат.
Анда «Salyk» мобилдик тиркемесинен Data-Matrix кодун сканерлөө аркылуу продукция тууралуу маалымат алууга болот. Ушундай эле функция cabinet.salyk.kg сайтынын акциздик марка бөлүмүндө да жеткиликтүү.
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги негизги акциздик товарларга акциздик салыктын чендерин этабы менен жогорулатууну, алкоголсуз суусундуктарга, ошондой эле күчтүү жана премиум сорттогу алкоголдук ичимдиктерге акциздик салыкты киргизүүнү караган министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыккан.
Документ коомдук талкууга чыгарылган.