Ичимдик жана чылым 2025-жылы акциздик салыктын негизги үлүшүн түздү

2025-жылдын 11 айында өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгы камсыз болду.

Ичимдик жана чылым 2025-жылы акциздик салыктын негизги үлүшүн түздү
Иллюстрациялык сүрөт

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салыкты чогултуу боюнча көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%га көбөйгөн.

Ата мекендик акциздик продукция

Кыргызстанда өндүрүлгөн акциздик продукциядан 4 млрд 826,3 млн сом акциз салыгы келип түштү. Анын ичинде:

  • алкоголдук продукциядан 3 млрд 448,3 млн сом;
  • алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 297 млн сом;
  • мунайзаттан 70 млн сом;
  • тамеки продукциясынан 8,2 млн сом түшкөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген акциздер

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген акциздик продукциялардан 14 млрд 666,8 млн сом салык чогултулган. Анын ичинде: 

  • тамеки продукциясынан 9 млрд 111,7 млн сом; 
  • мунайзаттан 3 млрд 670,9 млн сом; 
  • алкоголдук продукциядан 653,7 млн сом;  
  • алкоголсуз суусундуктардан 749,2 млн сом жыйналган.

Акциздик товарларды маркалоо

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Ошондой эле «Товарларды маркалоо» маалыматтык системасында төмөнкүлөр катталган: 

  • тамеки продукциясынын 12 импорттоочусу; 
  • 34 алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү;
  • алкоголдук продукциянын 96 импорттоочусу.  

2025-жылдын 11 айында 223,7 млн маркалоо коддору берилген. Алардын ичинен:

  • тамеки продукциясына – 157,2 млн код; 
  • алкоголдук продукцияга – 42,6 млн код; 
  • жеңил өнөр жай продукциясына – 23,7 млн код; 
  • бут кийимге – 167,9 миң код; 
  • парфюмерияга – 3,3 миң код тапшырылган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.