Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы эрежелер чек ара аркылуу жүргүзүлгөн онлайн-сатып алууларды түшүнүктүүрөөк жана ачыгыраак кылууга, ошондой эле сатуучулар менен сатып алуучулардын укуктарын коргоого багытталган.
Келишим товарларды аралыктан сатууну жөнгө салып, тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү эрежелерин белгилейт. Ошондой эле маалыматтарды коргоо, электрондук документ жүгүртүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу чаралары каралган.
Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришкендей, Кыргызстан, Армения, Беларусь жана Казакстан ЕАЭБдин Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколду ратификациялоону аякташты. Документ акыркы ратификациялык грамотаны алгандан кийин күчүнө кирет.
2027-жылдын 1-январына чейин өлкөлөр жаңы эрежелерди иш жүзүндө колдонууга даярдык көрүшү керек.
Негизги өзгөрүүлөрдүн бири — тышкы электрондук соода аркылуу сатылып алынган товарлар өзүнчө категорияга бөлүнөт. Мындай товарлардын көпчүлүгүнө 5% өлчөмүндө бирдиктүү бажы алымы киргизилет, бирок ал товардын ар бир килограммына 1 евродон кем болбойт.
Ошол эле учурда бажы төлөмүсүз алып кирүү чеги - 200 евро бойдон калат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.