Имараттын фасадында «Алма Банк» деген аталыш пайда болгону менен, КРнын Улуттук банкынын сайтында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын реестринде бул уюм лицензия алганы тууралуу маалымат азырынча жок.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы үч жаңы каржы институтун түзүүгө уруксат берген, алардын катарында «Алма Финанс Банк» ЖАКсы бар. Банкты түзүүгө уруксат алгандан кийин уюштуруучуларына уставдык капиталды түзүү жана банктардын ишин баштоо үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүү үчүн 6 айдан ашпаган мөөнөт берилет.
Эске салсак, агустта Кыргызстандын Юстиция министрлиги жаңы банк – «Алма Финанс Банк» ЖАКты каттоодон өткөргөн. Ал Кытайдын капиталынын катышуусу менен түзүлгөнү белгилүү. Банктын жетекчиси Ван Син деп жазылган. Юридикалык дареги Бишкек шаарындагы Огонбаев көчөсү, 222 дареги боюнча көрсөтүлгөн. Бул дарек Кыргызстандын рыногунда 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан «Алма Кредит» микрофинансылык компаниясынын жайгашкан жери.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.