Курс USD 87.28 / 87.77
Курс EUR 99.02 / 100.02
Курс RUB 1.098 / 1.128
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.28 / 87.77
EUR EUR
99.02 / 100.02
RUB RUB
1.098 / 1.128
KZT KZT
0.117 / 0.187

IKEAга Кыргызстандагы альтернатива: РКӨФ эмерек өндүрүшүнө 1,5 млн доллар бөлөт

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду «Маткасымов» ЖЧКсынын өндүрүштүк кубаттуулуктарын масштабдуу кеңейтүүгө жана жеңил эмеректердин беш жаңы линиясын ишке киргизүүгө 1,5 миллион доллар бөлөт.
IKEAга Кыргызстандагы альтернатива: РКӨФ эмерек өндүрүшүнө 1,5 млн доллар бөлөт

Бул тууралуу РКӨФтун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатат.  

«Маткасымов» ЖЧКсы 2,17 гектар жер тилкесинин 2600 м² ашык өндүрүштүк цехине ээ. Компания учурда өндүрөт:

  • ТВ-аксессуарлары;
  • «Таза кийим» бренди менен үй үчүн товарлары;
  • металл конструкциялары;
  • жеке буйрутма боюнча жасалган буюмдар.

Ишкана ички рынокто импорттук продукциянын 30%га чейинкисин камсыздап, жалпы продукциянын 25–28%ын экспорттойт.

Долбоор эмне берет:

  • өндүрүштүк базаны модернизациялоо;
  • заманбап жабдууларды орнотуу;
  • 124 жаңы жумуш орундарын түзүү;
  • өндүрүштүк кубаттуулукту үч эсе көбөйтүү — жылына 430 миңден 1,3 миллион даанага чейин.

 «Биз ар дайым айтабыз, Кыргызстандын негизги байлыгы - анын эли. Дал ушундай «Маткасымов» сыяктуу ишкерлер милдеттерди ишке ашырууга жөндөмдүү, бул бизге Борбор Азияда – тагыраагы  Кыргызстанда өзүбүздүн IKEA түзүүнү кыялданууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Артем Новиков.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.