Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, мыйзам долбоору ишкердикти колдоо жана экономиканы чыңдоо максатында президенттин жарлыктарында белгиленген стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
Негизги өзгөрүүлөр:
- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык карызын эсептен чыгаруу;
- Айыл чарба малдары менен экспорттук операциялар боюнча 80% карыз жана 100% туум жана айып эсептен чыгарылат;
- 0,5 % өлчөмүндөгү чен менен иштеген соода субъекттери үчүн жылдык кирешенин босогосун 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин көбөйтүү;
- Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн 0,25% өлчөмүндөгү ставканы белгилөө;
- Соода иши менен алектенген жеке ишкерлер үчүн патенттик салык салуу системасын киргизүү;
- Салыктык карызы бар салык жарандардын чет өлкөгө чыгуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
- 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдеги транспорт каражаттарына төлөнүүчү мүлк салыгы боюнча;
- Айыл чарба жерлерине 0% ставкасын 2030-жылга чейин узартуу;
- 2022-жылдын 1-январына чейинки мезгилге салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу
Көрүлгөн чаралар бизнес-климатты жакшыртууга, ишкердикти колдоого жана салык жүгүн өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин жеңилдетүүгө багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.