Курс USD 87.25 / 87.74
Курс EUR 99.14 / 100.14
Курс RUB 1.093 / 1.124
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.25 / 87.74
EUR EUR
99.14 / 100.14
RUB RUB
1.093 / 1.124
KZT KZT
0.117 / 0.187

Кыргызстанда дагы бир жеке банк пайда болушу мүмкүн

Ушул жылдын 3-июнунда КРнын Юстиция министрлиги тарабынан чет өлкөлүк катышуучу уюму менен «Мурас Банк» жабык акционердик коому каттоодон өткөн.
Кыргызстанда дагы бир жеке банк пайда болушу мүмкүн

Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын 4-июнунда КРнын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестринде уюм катталгандыгы жөнүндө маалыматка ылайык, республиканын банк сектору дагы бир банк менен толукталышы мүмкүн.

«Мурас Банк» ЖАКтын директору болуп Азамат Өмүралиев дайындалган, ал буга чейин «Росинбанк» ААК филиалдарын жана «Бай Түшүм Банк» ААК Бишкектеги филиалын жетектеп келген.

Эми банк мындар ары ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензия алууга КРнын Улуттук банкына кайрылуусу керек. Арызды карап чыгып, бардык ченемдик талаптарды аткаргандан кийин Банк өлкө аймагында банк операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү тиешелүү лицензияны ала алат.

Эске салсак, 2024-жылы чет элдик катышуучу менен «Асман Банк» - жабык акционердик коому катталган. «Асман Банктын» банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арызы КРнын Улуттук банкына берилген. Жөнгө салуучу КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте КРнын Улуттук банкынын талаптарына жооп берген арызды жана ага тиркелген документтерди карайт.

«Асман Банк» ЖАКтын улуттук же чет өлкөлүк валютада банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу жөнүндө арызы мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жана талаптарда каралууда», - деп билдирди Улуттук банк.

Banks.kg порталына«Асман Банкына» Улуттук банкка документтерди тапшырууга алты ай убакыт берилгени, андан кийин жөнгө салуучу орган аларды карап чыгып, чечим кабыл алууга дагы алты ай убакыт бар экенин түшүндүруштү. Эгерде документтер КРнын Улуттук банкынын талаптарына жооп бербесе, жаңы мөөнөт канааттандырарлык документтер келип түшкөн учурдан тартып башталат.

2025-жылдын январында Кыргызстанда дагы бир мамлекеттик банк –  «Кылым Банк» ААК түзүлгөн. КРнын Министрлер Кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен банк түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент катары дайындалган жана ага банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди жүргүзүү, баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу ыйгарым укуктары берилген.

КРнын Финансы министрлигине зарыл болгон жол-жоболорду, анын ичинде банкты лицензиялоону жана аны каттоону камсыз кылуу тапшырылган.

Ушул тапта Кыргызстанда 21 коммерциялык банк иштейт.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.