Кыргызстандын салык кызматынын жаңы туусу жана символикасы бекитилди

Министрлер кабинетинин токтому менен салык кызматынын органдарынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо бекитилди.

Кыргызстандын салык кызматынын жаңы туусу жана символикасы бекитилди
Сүрөт: МСК

Ведомстводон билдиришкеней, туу көк-жашыл түстөгү кездемеден турат, анын борборунда канаттарын жайган ак бүркүт жайгаштырылган. Бүркүттүн төшүндө эки тоонун чокусу сымал көк-жашыл фигуралар бар.

Төмөнкү бөлүгүндө «Кыргызстан салык кызматы» деген жарым тегерек жазуу жайгашкан. 

Композициянын жогорку бөлүгүндө ак геометриялык фигуралар: борборунда үч ромб, анын эки тарабында бир жаага бириктирилген тегерек элементтер бар.

Ошондой эле салык кызматынын символика белгиси тегерек формада жасалып, ведомствонун желегинин негизги элементтерин кайталайт. Ак фондо канаттары жайылган көк-жашыл бүркүт жайгашып, сүрөттүн төмөнкү бөлүгүндө алкактык жазуу бар.Ал салык кызматынын формалык кийиминде, документтеринде жана расмий материалдарында колдонулат.

Туу борбордук жана аймактык бөлүмдөрдө орнотулуп, расмий жана салтанаттуу иш-чараларда колдонулат.

Символика белгисин башка органдар жана адамдар тарабынан колдонууга, ошондой эле аны бурмалоого же бузууга тыюу салынат. Көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.