2025-жылдын 10-ноябрына карата «Унаа» продуктусу боюнча берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 24,5 млн сомго жакындады, ал эми жарандарга 107,1 млн сомдон ашуун суммага автокредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн жаратты.
Ушул жылдын октябрь айында гана 6,5 млн сомго тете 18 кепилдик берилген, алардын жардамы менен 29,5 млн сом көлөмүндө автокредиттер берилди.
«Унаа» продуктусу 2025-жылдын март айында ишке киргизилген мамлекеттик «Автокредитти жеңилдетилген каржылоо - 2» программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун максаты - өлкөдө чыгарылган автоунааларга жана коммерциялык транспортко болгон суроо-талапты колдоо.
«Унаа» кепилдиги аркылуу жарандар Tulpar Motors ишканасы өндүргөн каалаган үлгүдөгү Chevrolet автоунаасын сатып ала алышат. Кепилдикти «Элдик Банк» ААКсы жана «Айыл Банк» ААКсы аркылуу автокредит алууда пайдаланууга болот.
Продукт жактарга, анын ичинде жеке ишкерлерге, ошондой эле коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жактарга жеткиликтүү. «Унаа» продуктусу боюнча Кепилдик фондунун катышуу үлүшү каржылоонун суммасынын 30%ына чейин жетет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 7500 телефонуна кайрылыңыз.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.