Курс USD 87.21 / 87.71
Курс EUR 100.08 / 101.08
Курс RUB 1.098 / 1.129
Курс KZT 0.116 / 0.186
USD USD
87.21 / 87.71
EUR EUR
100.08 / 101.08
RUB RUB
1.098 / 1.129
KZT KZT
0.116 / 0.186

Кыргызстандагы июнь айына карата азык-түлүккө болгон орточо баалар

Улуттук статистика комитети 2025-жылдын июнь айына карата азык-түлүккө болгон орточо баалар тууралуу маалымат жарыялады.
Кыргызстандагы июнь айына карата азык-түлүккө болгон орточо баалар

Байкоо жүргузүү өлкөнүн бардык аймактарында, шаарларда жана айылдарда жүргүзүлдү.

Июнь айында негизги азык-түлүккө болгон баалар салыштырмалуу туруктуу болгон. Кээ бир аймактарда гана эт, ун жана картөшкөгө болгон баалардын бир аз өзгөрүүсү байкалган.

Өлкө боюнча орточо керектөө баалары төмөнкүдөй болду:

  • Буудай – килограммы 27,42 сом;
  • Күрүч (кыска дандуу) – 148,85 сом;
  • Күрүч (узун дандуу) – 156,14 сом;
  • Жогорку сорттогу буудай уну – 71,37 сом;
  • Биринчи сорттогу буудай уну – 52,94 сом;
  • Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан – 66,83 сом;
  • Тандыр наны – 103,3 сом;
  • Уй эти (1 кг) – 662,54 сом;
  • Кой эти (1 кг) – 657,48 сом;
  • Жылкы эти (1 кг) – 578,59 сом;
  • Сүт (табигый) -  1 литри  60,62 сом;
  • Жумуртка (10 даана) – 107,62 сом;
  • Өсүмдүк майы (1 кг) – 168,82 сом;
  • Картөшкө – 68,61 сом;
  • Кумшекер – 77,12 сом;
  • Кара байховый чай (100 г) – 108,54 сом;
  • Көк чай (100 г) – 77,10 сом.

Баалардагы эң чоң аймактык айырмачылыктар эт, сүт азыктары жана картөшкөгө байланыштуу болду, мисалы айрым жерлерде картөшкөнүн  баасы 35 сомдон 80 сомго чейин өзгөрүп турган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.