Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 50 миң сомго жетти

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 49,7 миң сомду түздү.

Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 50 миң сомго жетти
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Статком брифинг учурунда кабарлады. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономиканын дээрлик бардык тармактарында айлык акы жогорулады.

Эң олуттуу өсүү төмөнкүлөрдө катталган:

  • айыл, токой жана балык чарбасында 34,9%га;
  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу  33,7%га;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө 29,4%га;
  • суу менен камсыздоо жана калдыктарды иштеп чыгууда 27,1%га;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөөдө 27,1%га;
  • финансы жана камсыздандырууда 24,8%га;
  • кыймылсыз мүлктө 24,8%га;
  • энергетикада 24,6%га;
  • билим берүү тармагында 23%га;
  • курулушта 21,7 пайызга.

Ошентип, өлкө экономикасынын бардык негизги тармактарында эмгек акынын жогорулашы улантылып жатат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.