Курс USD 87.30 / 87.79
Курс EUR 98.64 / 99.64
Курс RUB 1.098 / 1.132
Курс KZT 0.117 / 0.188
USD USD
87.30 / 87.79
EUR EUR
98.64 / 99.64
RUB RUB
1.098 / 1.132
KZT KZT
0.117 / 0.188

«Байлык Финанс» компаниясы Кара-Кулжа айылында жаңы кеңсе ачты

23-майда ЖАК «Байлык Финанс» микрокредиттик компания Ош облусунун Кара-Кулжа районунда заманбап жана ыңгайлуу кеңсе ачты. Бул 54-тейлөө пункту болуп саналат.
«Байлык Финанс» компаниясы Кара-Кулжа айылында жаңы кеңсе ачты

Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Бүгүнкү күндө ЖАК «Байлык Финанс» МККсы Кыргызстандын бардык райондорун камтыды. 

«ЖАК «Байлык Финанс» МККсы мындан ары да өсүп, өнүгүп жатканын сыймыктануу менен билдиребиз! Бул кеңсе - кардарларыбызга эң жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү жана командабызга колдоо жана ыңгайлуулук түзүү үчүн дагы бир маанилүү кадам. Биздин негизги максат - сиздерге жакыныраак болуу жана тез, сапаттуу жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу», - деп билдиришти аталган компаниядан. 

Жаңы кеңсени төмөнкү дарек боюнча таба аласыз: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Суранбай көчөсү, 66/1 үй, 1-кабат.

Эске салсак, буга чейин эки апта мурун «Байлык Финанс» компаниясы Чаек айылында кеңсесин ачкан, ал эми апрель айынын башында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында ачкан. Өткөн жылы «Байлык Финанс» МККсы өз тармагын Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай аймагында жаңы кеңсеси менен кеңейткен. 

Сүрөт: ЖАК «Байлык Финанс» МККсы

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.