«Бакай Банк» Кыргызстанда алгачкылардан болуп Visa Gold үчүн төлөм стикерлерин чыгарат
Эң керектүүнүн баары!
Эми төлөмдөрдү жүргүзүү мурдагыдан да кыйла жөнөкөй болуп калат. Ал үчүн капчыктан картаңызды же накталай акча алып чыгып отурбайсыз. Стикерди оңой жерден эле терминалга такап коёсуз, болду, төлөм ишке ашып калат. Стикердин жардамы менен NFC функциясы аркылуу банкоматтардан акча чыгарып алса да болот.
Төлөм стикери деген эмне?
Төлөм стикери - бул NFC (Near Field Communication) технологиясы менен жабдылган, контактсыз ылдам төлөм жүргүзүүчү чакан түзмөк. Ал кичинекей жана стилдүү болгондуктан телефон, капчык же дайыма жаныңызда алып жүрүүчү бардык буюмга оңой бекитилет. Мындай стикер кардарларга бир эле кыймыл аракет менен төлөм аткарууга шарт түзүп, процессти ылдам жана ыңгайлуу ишке ашырат.
«Бакай Банктын» төлөм стикерлеринин артыкчылыктары:
- Ыңгайлуулук: картаны же накталай акчаны издеп отуруунун зарылчылыгы жок.
- Ылдамдык: төлөм саналуу секундаларды гана талап кылат.
- Коопсуздук: NFC технологиясы маалыматтардын ишенимдүү сакталышын камсыздайт.
Мындан тышкары, «Бакай Банк» өз кардарлары үчүн төлөм стикерлерин акысыз берет. Акциянын мөөнөтү чектелүү, андыктан шашылыңыздар!
«Бакай Банктан» белек
Visa GOLD төлөм стикерин АКЫСЫЗ алыңыз! Бирок шашылыңыз, төлөм стикерлеринин саны чектелүү!
Стикерди алуу үчүн банктын сизге жакын жайгашкан бөлүмүнө кайрылыңыз. Кошумча стикерди сиз колдонуп жүргөн Visa Gold, Platinum жана Infinite карталарына чыгартып алсаңыз болот, ал эми тарифтер банктын www.bakai.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн.
«Бакай Банк»
Сиздин инновациялык банкыңыз.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.