Бул скорингде дүйнөнүн алдыңкы банктары жана башка тармактагы ири компаниялар катышып, жыл сайын бизнес менен корпоративдик ESG-практикалардын туруктуу өнүгүү деңгээли бааланат.
S&P Global CSA скорингинин жыйынтыгында Bakai Bank 57 упай алды. Бул көрсөткүч дүйнөлүк банк секторунун орточо баасы болгон 35 упайдан кыйла жогору.
Скорингдин алкагында Bakai Bank дүйнөлүк банк уюмдарынын алдыңкы тобуна (85-процентиль) кирип, Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жаатындагы алдыңкы банктардын бири болуп калды.
S&P Global CSA эл аралык скорингинде күчтүү дебюттук көрсөткүчкө жетишүү Bakai Bank’тын туруктуу өнүгүү принциптерин бизнес-процесстерге интеграциялоого жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен жоопкерчиликтүү банк ишмердигин жүргүзүүгө болгон туруктуу умтулуусун чагылдырат.
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардын тактыгы жана мазмунуна болгон жоопкерчилик толугу менен жарнама берүүчүлөргө жүктөлөт.