Жыйынтыктар 18-мартта Москва шаарында өткөн салтанаттуу сыйлоо аземинде жарыяланды. Анда BAKAI командасы кардарларды тейлөөнүн жогорку деңгээли жана кызмат көрсөтүүдөгү сапаты үчүн эл аралык деңгээлде таанылды.
Тейлөө сапатынын эл аралык деңгээлде бааланышы
Кардарларды тейлөө тармагындагы негизги кесиптик сынактардын биринде жеңиш банк үчүн маанилүү натыйжа болду. «Хрустальная гарнитура» сынагы жыл сайын ар башка өлкөлөрдөн келген алдыңкы компанияларды бириктирип, байланыш борборлорунун ишинин натыйжалуулугун, кардарлар менен байланышуунун сапатын жана тейлөө процесстеринин деңгээлин баалайт.
Бул сыйлык BAKAIдын кардарларды тейлөөгө болгон мамилеси мыкты эл аралык тажрыйбаларга шайкеш келерин тастыктайт.

Бул жеңиштин артында - команданын күнүмдүк эмгеги, жогорку кесипкөйлүк жана кардарлардын тажрыйбасын тынымсыз жакшыртууга болгон умтулуу турат.
«Бул жыйынтык - күн сайын кардарлар менен иштеп, алардын маселелерин чечип, кызматты ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылып жаткан жалпы команданын эмгеги. Биздин аракеттер эл аралык деңгээлде бааланганы биз үчүн чоң сыймык», - деп белгиледи Кардарларды колдоо жана сатуу департаментинин директору Телегей Абирова.
Кардарга багытталуу - BAKAI үчүн башкы артыкчылык
BAKAI кардарларды тейлөөнү өнүктүрүүнү улантып, жаңы технологияларды киргизүүдө, процесстерди жакшыртууда жана кардарлар менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатууда.
«Хрустальная гарнитура» сынагындагы жеңиш - банктын туура багытта өнүгүп жатканын жана кардарлар ишенген кызматты түзүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.