BAKAI Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте QR-код аркылуу автоунаа токтотуу үчүн төлөм системасын ишке киргизди

Бишкек шаарында муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар үчүн QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү долбоору ишке кирди. Иш-аракет Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» муниципалдык ишканасы тарабынан, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча технологиялык өнөктөш катары BAKAIдын катышуусунда ишке ашырылды.

BAKAI Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте QR-код аркылуу автоунаа токтотуу үчүн төлөм системасын ишке киргизди

Эми борбордун тургундары жана коноктору автоунаа токтотуу акысын нак акчасыз жана ортомчусуз онлайн төлөй алышат. Бардык түшкөн каражаттар түздөн-түз шаардык бюджетке которулат.

QR-төлөм системасынын киргизилиши менен автоунаа токтотуу үчүн акы түздөн-түз система аркылуу гана онлайн төлөнөт. Бул ыкма төлөм процессин ачык, коопсуз жана тез кылат. Бардыгы бир мүнөттөн аз убакытты гана талап кылат — болгону камерасы бар смартфон жетиштүү.

QR-код аркылуу автоунаа токтотуучу жайдын акысын кантип төлөө керек

  1. Автоунааңызды муниципалдык токтотуучу жайга токтотуңуз.
  2. Телефонуңуздун камерасын алдындагы BAKAI QR-кодуна багыттаңыз.
  3. Ачылган шилтеме аркылуу GDTI.KG сайтына өтүңүз.
  4. Автоунаанын мамлекеттик номерин киргизип, банктык картаңызды тандаңыз да 25 сом төлөңүз.

Төлөмдү автоунаа токтоткондон кийин же чыгып жатканда жүргүзсөңүз болот — эң башкысы, унутпаңыз!

Төлөм жүргүзүлбөсө, айып пул каралган

  • жарандар үчүн — 1000 сом,
  • юридикалык жактар үчүн — 5000 сом.

Система учурда   кайсы жерде иштеп жатат

Бүгүнкү күндө QR-коддор Орозбеков көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө орнотулуп, кадимки режимде иштеп жатат. Ошондой эле Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки аралыгында да система ишке киргизилген. Кийинки этаптарда QR-төлөмдөр борбордун башка көчөлөрүнө да этап-этабы менен жайылтылат.

Жагымдуу кабар — жекшемби жана майрам күндөрү автоунаа токтотуу акысыз.

BAKAI шаардык сервистерди санариптештирүүнү ырааттуу колдоп келет. Биздин максат — бишкектиктер үчүн төлөмдөрдү мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз кылуу: смартфонуңузду бир басуу менен — кезексиз, нак акчасыз жана тез.

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.