Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) колдоосу менен өттү.
BAKAI форумдун расмий өнөктөшү катары чыгып, каржылык эксперт жана ишкердикти, айрыкча орто жана чакан бизнес секторун өнүктүрүү демилгелеринин колдоочусу болду.

«Биз Кыргызстандын түштүк аймактарында чоң потенциал бар экенин көрүп турабыз. Биздин миссия — ишкерлерге өнүгүүгө, инновацияларды киргизүүгө жана жаңы рынокторго ишенимдүү чыгууга көмөктөшүү. «Манас Экспо» сыяктуу форумдарды колдоо — бул BAKAI тарабынан региондордун экономикасын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого кошкон салымы», — деп белгиледи BAKAIдын бизнес өнүктүрүү департаментинин директору Асель Алиева.

Форум идеялар менен алмашуу, жаңы технологиялар менен таанышуу жана жергиликтүү бренддерди илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болуп кызмат кылды. Панелдик сессиялардын алкагында катышуучулар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, инвестиция тартуу жолдорун, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл аялдар жана жаштар ишкердигин өнүктүрүү багытына, ошондой эле экологиялык жактан туруктуу бизнес-моделдерге бурулду.
«Биз үчүн кардарларга, айрыкча аймактардагы ишкерлерге жакын болуу абдан маанилүү. Биз жергиликтүү бизнес кантип өсүп, жаңы форматтарга умтулуп жатканын көрүп турабыз. BAKAI Жалал-Абад облусундагы ишкерлерди колдоону улантып, жеткиликтүү каржылык чечимдерди жана заманбап сервистерди сунуштай берет», — деди BAKAIдын Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Алмаз Мадымаров.
«Манас Экспо» сыяктуу демилгелердин аркасында BAKAI өз миссиясын улантып, ишкерлерди колдоо жана Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өсүшү үчүн шарт түзүү багытында активдүү иш алып барууда.

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.
