Үч жыл аралыгында BAKAI КР УОК менен биргеликте спортчуларга ыңгайлуу каржылык шарттарды түзүп олимпиадалык стипендия алгандарга колдоо көрсөтүү программасын ишке ашырып келүүдө. Ар бир стипендиат BAKAI’дан VISA Infinite артыкчылыктуу картасын акысыз алат. Стипендиянын бардык төлөмдөрү BAKAI’дын VISA Infinite артыкчылыктуу картасына которулат. Бул программанын колдонуучуларына артыкчылыктуу тейлөө шарттарын жана банктын кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүн көрүүгө шарт түзөт.
BAKAI Башкармалыгынын төрайымы Абакирова Үмүт Анарбековна олимпиадалык стипендиаттарга сертификат тапшырып жатып: «Биз үчүн жаш спортчуларды жаңы бийиктиктерге жетүүгө дем берген программага катышуу чоң сыймык. Спортту колдоо - өлкөнүн келечегине салым кошуу, анын кубатына, саламаттыгына жана жеңишине салым кошуу», - деди.
Банк адамдарга спортто да, жашоодо да алдыга умтулууга дем берип, жаңы бийиктиктерди багынтууга жардам берген долбоорлорду арты-артынан ишке ашыруу менен улуттук спорттун бекемделишине, сергек жашоо образын жайылтууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы беделин көтөрүүгө багытталган демилгелерге активдүү катышып келет.
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.