Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

BAKAI BIFF-2026 ири финансы форумунун технологиялык өнөктөшү болду

BAKAI 2026-жылдын 29-майында өткөн Бишкек Эл аралык Финансы Форуму – BIFF-2026нын технологиялык өнөктөшү болду. Мурдагы жылдары банк форумга өнөктөш катары катышып келсе, быйыл BAKAI Борбор Азиядагы негизги каржы окуяларынын биринин технологиялык өнөктөшү макамын алды.

BAKAI BIFF-2026 ири финансы форумунун технологиялык өнөктөшү болду

Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тең уюштуруусунда өткөрүлгөн BIFF-2026 салттуу түрдө банк секторунун өкүлдөрүн, эл аралык каржы уюмдарын, IT-компанияларды, финтех-долбоорлорду жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген эксперттерди чогултту.

Быйылкы форумдун негизги темасы - «Санариптик трансформация доорундагы каржы: коопсуздук, инновациялар жана ишеним».

Форумдун алкагында бүгүнкү күндө каржы индустриясынын келечегин аныктаган төмөнкү маселелер талкууланды:

  • санариптик трансформация жана төлөм системаларын өнүктүрүү;
  • финтех-чечимдер жана санариптик экосистемалар;
  • киберкоопсуздук, антифрод жана тобокелдиктерди башкаруу;
  • блокчейн, санарип активдер жана борбордук банктардын
  • санариптик валюталары (CBDC).

Технологиялык өнөктөш катары BAKAI санариптик каржы чечимдери жана каржы экосистемасын өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбасын көрсөттү. Банктын эксперттери форумдун негизги панелдик талкууларына катышты.

«Кыргызстандын Банктар союзу» юридикалык жактар бирикмесинин президенти Анвар Абдраев иш чаранын жогорку деңгээлин жана катышуучулардын салымын белгилеп өттү:

«BIFF көп жылдан бери Кыргызстандын жана Борбор Азиянын каржы рыногунун келечегин талкуулоочу негизги аянтчалардын бири болуп келүүдө. Быйыл форум банк секторунун, финтех-компаниялардын жана эл аралык уюмдардын күчтүү эксперттерин бириктирди. Форумду көп жылдан бери колдоп келе жаткандыгы үчүн BAKAI’га ыраазычылык билдиребиз жана банктын өлкөнүн каржы тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышкан технологиялык өнөктөш макамында болушуна өзгөчө кубанычтабыз», - деди ал.

«Санариптик каржы доорундагы киберкоопсуздук, антифрод жана жөнгө салуу» аттуу панелдик талкууда BAKAI’дын маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын башкы адиси Феликс Мамбетов сөз сүйлөдү.

«Бүгүнкү күндө киберкоопсуздук - бул технология маселеси гана эмес. Бул кардарлардын ишеними жана бүтүндөй каржы системасынын туруктуулугу тууралуу маселе. Санариптик сервистер өнүккөн сайын коркунучтар да көбөйүүдө. Ошондуктан банктар коргоо технологияларына инвестиция салуу менен катар колдонуучулардын санариптик сабаттуулугун да жогорулатышы маанилүү», - деп белгиледи ал.

«Каржы жаатынын санариптик трансформациясы: төлөм чечимдери, санариптик активдер жана экосистемалар» аттуу панелдик талкууда CEO & Founder AIRUN (BAKAI Digital) Чыңгыз Арзиев сөз сүйлөп, BAKAI Digital’дын өнүгүүсүнүн жаңы багыттарын тааныштырды.


Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.