- Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында канча банктык төлөм картасы жүгүртүүдө?
- 2025-жылдын аягына карата чыгарылган банктык төлөм карталарынын саны 10,7 миллион даананы түзөт.
- Акыркы беш жылда жүгүртүүдөгү чыгарылган банктык карталардын санынын динамикасы кандай?
- Төмөндөгү график акыркы жылдарда чыгарылган банктык карталардын санынын көбөйүшүн ачык көрсөтүп турат.

- Жалпы банктык карталардын ичинен канчасы активдүү (операцияларды жасоо үчүн колдонулат)?
- Өткөн жылы 7,8 миллион карта активдүү колдонулган.
- 2025-жылы жана учурда QR-төлөмдөр аркылуу жасалган операциялардын көлөмү жана саны кандай?
- 2025-жылы QR-төлөмдөр аркылуу өткөрүлгөн операциялардын көлөмү бир топ көбөйдү. Негизги өз ара аракеттенүү оператору аркылуу 525,1 миллион транзакция 908,6 миллиард сомго жүргүзүлдү, бул мурунку жылдын көрсөткүчтөрүнөн 8 жана 10 эсеге көп.
- Акыркы беш жылда QR-төлөмдөрдүн өсүү динамикасы кандай?
- Төмөндөгү график жылдар боюнча төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана санынын көбөйүшүн ачык көрсөтүп турат:

- Бүгүнкү күндө QR-төлөм системасына канча соода-сервис ишканасы жана төлөм кабыл алуу түйүндөрү кошулган?
- 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча соода-сервис ишканаларында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде 114,1 миңден ашык унификацияланган QR-код орнотулган, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн 95,3%га көп.
- Өлкөдө QR-төлөмдөрүнүн популярдуулугунун өсүшүнө кандай негизги факторлор таасирин тийгизди ?
- Акча жүгүртүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, калктын банктык кызматтарга эркин жетүүсүн камсыз кылуу жана инновациялык жана санариптик финансылык кызматтарды колдонууну кеңейтүү, ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында министрликтер, ведомстволор жана банк сектору менен биргеликте калкты накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонууга стимулдаштырууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мындай чечимдердин бири QR-код инфраструктурасын системалар аралык интеграциялоону камсыз кылуу жана QR-коддун улуттук бирдиктүү стандартын бекитүү болуп саналат. Бул стандарттын негизинде төлөм жана которуу үчүн ар кандай катышуучулар тарабынан түзүлгөн QR-коддор бардык катышуучулардын мобилдик тиркемелери аркылуу окулат. Натыйжада, кардарлар каалаган банктын мобилдик тиркемеси аркылуу QR-код менен банктар аралык жана системалар аралык төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзө алышат.
Ошондой эле, мобилдик тиркемелер аркылуу улуттук валютада акча которууларга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан комиссиялык жыйымдарды алууну чектөө да оң таасирин тийгизди.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.