МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, салыктык төлөм талабы салык төлөөчү тарабынан таанылган, бирок белгиленген мөөнөттө төлөнбөй калган салык карызын өндүрүү үчүн салык органы тарабынан банктарга, ошондой эле электрондук акча жана төлөм системаларынын операторлоруна жөнөтүлүүчү документ.
Эгерде салык кызматында салык төлөөчүнүн кайсы банкта эсеби бар экенин тууралуу маалымат жок болсо, Кыргызстандын аймагында иш алып барган бардык банктарга, ошондой эле бардык электрондук акча жана төлөм системаларынын операторлоруна талап жөнөтүлөт.
Салык карызын жабуу үчүн төмөнкү каражаттар эсептен чыгарылышы мүмкүн:
- банктык эсептердеги акча каражаттары;
- чет өлкөлүк валютадагы каражаттар эсептен чыгарылган күндөгү курс боюнча конвертацияланат;
- электрондук акча жана төлөм системаларындагы электрондук акчалар.
Эгер эсепте жетиштүү каражат болсо, банк же оператор төлөм талабын алгандан кийин акча бир жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, биринчи кезекте эсептен чыгарылат.
Эгер каражат жетишсиз болсо же такыр жок болсо, СТТ жокко чыгарылбайт. Ал күчүндө кала берет жана эсепке кийин түшкөн каражаттар талап толук аткарылганга чейин карызды жабууга багытталат.
Эгер СТТ коюлгандан кийин жаңы эсеп ачылса, талап автоматтык түрдө жаңы эсепке да жайылтылат.
Банктар жана электрондук акча операторлору СТТ толук же жарым-жартылай аткарылгандан кийин бир жумуш күнүнүн ичинде салык органына маалымат беришет.
МСК кошумчалагандай, министрлер кабинети белгилеген мезгилдерде калкты электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана күйүүчү май менен камсыз кылган уюмдардын эсептешүү эсептерине СТТ коюлбайт.
СТТ механизмин киргизүүнүн артыкчылыгы болуп, салык милдеттенмелерин аткаруу жеңилдеп, салык органдарына жана банктарга жеке кайрылуунун зарылдыгы болбойт жана салык төлөөчүлөрдүн убакыттык жана административдик чыгымдары кыскарат.
Мындан тышкары, карызды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн кошумча айып пулдардын жана туумдардын эсептелүү коркунучу азаят.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.