Орусия банкы дагы 12 чет элдик валютанын рублга карата расмий курсун белгилейт

Орусия Банкынын басма сөз кызматы билдиргендей, чет өлкөлүк валюталардын рублга карата расмий курсу борбордук банк тарабынан белгиленет, тизмеге кошумча төмөнкүлөр кирет:
- Така (Бангладеш);
- Бахрейн динары (Бахрейн);
- Боливиано (Боливия);
- Кубалык песо (Куба);
- Алжир динары (Алжир);
- Эфиопиялык быр (Эфиопия);
- Иран риалы (Иран);
- Кьят (Мьянма);
- Тугрик (Монголия);
- Наира (Нигерия);
- Оман риалы (Оман);
- Сауд риалы (Сауд Аравиясы).
Бул валюталардын расмий курстарын белгилөө тышкы соода операцияларын, инвестицияларды ошондой эле орусиялык жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жеңилдетет, мындан тышкары финансы рыногунун катышуучуларына толук маалымат берет.
Эске салсак, 2024-жылдын апрель айында сомго карата курсу КРнын Улуттук банкы тарабынан жума сайын аныкталуучу чет элдик валюталарга дагы 3 валюта кошулган. Кыргызстандын коммерциялык банктары Улуттук банкка оман риалы, гонконг доллары жана индонезия рупиясынын кыргыз сомго карата расмий курсу жума сайын жөнгө салуучу тарабынан аныкталуучу чет элдик валюталардын тизмесине киргизилиши боюнча кайрылышты.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.