Курс USD 85.27 / 85.75
Курс EUR 92.37 / 93.35
Курс RUB 0.870 / 0.900
Курс KZT 0.121 / 0.190
USD USD
85.27 / 85.75
EUR EUR
92.37 / 93.35
RUB RUB
0.870 / 0.900
KZT KZT
0.121 / 0.190

Бренддердин салгылашы: Кантип чоң компаниялар фишинг менен күрөшөт?

Учурда салттуу финансы жана криптовалюта тармагында белгилүү уюмдардын атын жамынган шылуун компанияларга алданып калуу бат эле. Бул схема «бренддердин фишинги» деп аталат.
Бренддердин салгылашы: Кантип чоң компаниялар фишинг менен күрөшөт?

Бул схемада кара ниет чабуулчулар веб-сайттарды, социалдык медиа аккаунттарын түзүшөт же популярдуу компаниялардын окшош аталыштарын жана логотиптерин колдонуп билдирүүлөрдү жөнөтүшөт. 

Шылуундарга көбүнчө банктардын, инвестициялык фирмалардын жана крипто биржалардын кардарлары алданат. Алдамчылардын негизги максаты - кадыр-барктуу компания катары өзүн таанытып, жасалма кызматтарды, инвестициялык инструменттерди же акча каражаттарын тартуу менен алардын курмандыктарынын ишенимине ээ болуу.

Эскерте кетсек, бир белгилүү компанияга окшош аталыштагы компанияны бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде КМШда каттоого болот. Компаниялар ар кайсы юрисдикцияларда же тармактарда иш алып барса, мыйзам окшош аталыштагы компаниянын ишмердүүлүгүнө тыюу салбайт. Ишкана иштеши үчүн анын техникалык базасы жана кызматкерлери болушу шарт. 

Шылуундар үчүн техникалык база жана кызматкерлерсиз компанияны жөн эле каттоодон өткөрүү эч кандай мааниге ээ эмес жана пайда алып келбейт. Анткени ишеничтүү болуу жана толук кандуу ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн бир гана белгилүү бир компаниянын атын жамынуу жетиштүү эмес. 

«Биз дайыма окшош аталыштарды колдонгон компанияларды жана уюмдарды көрөбүз. Биз иштеген ар бир юрисдикцияда Binance катары катталган же окшош аталыштардагы компанияларды тапса болот. Тилекке каршы, мыйзамдардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу муну толугу менен алдын алуу мүмкүн эмес. Бирок биз мындай терс көрүнүштөр менен жигердүү күрөшүп жатабыз. Биз фейк Telegram каналдарын жана биздин атыбызды колдонгон веб-сайттарды ар кандай сөздөрдү кошуу менен аныктайбыз. Бул үчүн бизде мындай мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана жоюу боюнча атайын бөлүм бар. Фейк каналдарды жана аккаунттарды автоматтык түрдө жок кылуу үчүн биз интернет-провайдерлер жана Telegram, Instagram социалдык тармактары менен өз ара кызматташабыз», - деди «Binance» компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, БорборАзия жана Африка боюнча башкы менеджери Кирилл Хомяков.

Эксперт мындай шылуундук схемаларда колдонуучулар үчүн негизги тобокелдиктер финансылык чыгашалар экенин белгилейт. Көп учурда алдамчылар белгилүү компаниянын атын жамынып, жабырлануучулардын ишенимине кирүү үчүн түрдүү реквизиттерди колдонуп, акчаны толуктоо же башка кызматтарды сунуштоо боюнча ар кандай ыкмаларды колдонушат. Мындай схемалардын негизги максаты - колдонуучулардын акчасын уурдоо. Мунун алдын алуу үчүн өтө этият болуу керек: келишимдерди кылдаттык менен окуп, кызматтар сунушталган сайттарды кылдат текшерүү зарыл. 

«Биз ар дайым колдонуучуларыбызга сак болууну эскертебиз жана биздин негизги сайтыбыз Binance.com же расмий жергиликтүү платформа (Binance компаниясы ишмердүүлүк кылган өлкөдөгү расмий сайт) экенин унутпаңыз. Эгер сизден башка сайтка өтүү же «Binance» компаниясы катары трейдерлик кызматтар сунушталса, өзгөчө сак болуңуз. Анткени биз андай кызматтарды көрсөтпөйбүз. Дайыма маалыматтын тактыгын текшерип, колдоо кызматына кайрылып, расмий каналдарды гана колдонуңуз», - деп кошумчалады Кирилл Хомяков.

Эксперт Binance үзгүлтүксүз шылуундук чабуулдардын алдын ала турганын белгиледи. Бул чоң бизнестин бир бөлүгү жана платформа адистери мындай коркунучтарга каршы турууга дайым даяр. Албетте, мындай учурлар белгилүү бир репутациялык тобокелдиктерди жаратат. Бирок, колдонуучулар кабардар болсо, расмий каналдарды, булактарды колдонсо, ишенимдүү сайттарга кирип, эрежелерди билсе, алдамчылыктын курмандыгы болуу коркунучу азаят.

«Колдонуучуларга кеңешим - маалыматты эки жолу текшерүүдөн коркпогула. Биздин расмий веб-сайтыбызга кирип, Binance Academy же Binance Blog аталышындагы ресурстарды изилдеңиз. Алдамчылар көбүнчө биз тиешелүү кызматтарды көрсөтпөгөн аймактарда бир тамга менен айырмаланган жасалма веб-сайттарды түзүшөт же «Binance» компаниясынын атынан шектүү кызматтарды сунушташат. Колдоо кызматына суроолорду бериңиз жана маалыматты расмий сайтыбыздагы маалымат менен салыштырыңыз. Эсиңизде болсун, биз эч качан үчүнчү тараптар аркылуу же оффлайн режиминде кызмат көрсөтпөйбүз. Эгер кимдир бирөө сизге Binance’тын атынан ушундай кызматтарды сунуштаса, бул ачык-айкын эле алдамчылык», - деп кеңеш берет Кирилл Хомяков.

Жасалма веб-сайттар алдамчылардын эң кеңири колдонгон куралы болуп саналат, анткени аларды түзүүгө көп эмгек кетпейт. Бирок жасалма тиркемени түзүү кыйла татаал процесс. Колдонмону App Store же Google Play'ге жайгаштыруу үчүн катуу текшерүү болот, анын ичинде KYC жана KYB процесстеринен өтүү керек. Бул текшерүүлөр шылуундар үчүн татаал.

Эсиңизде болсун, окшош дизайндагы жасалма тиркемени түзүү жана аны расмий дүкөндөргө жүктөө дээрлик мүмкүн эмес. Бул өз кезегинде шылуундарга жеңил болгон жасалма сайттардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.