Операцияларынын көлөмү боюнча эң ири криптобиржа Binance учурдагы кырдаалга жооп катары Together Initiative аттуу колдоо программасын ишке киргизди. Колдоонун жалпы көлөмү 400 миллион долларды түзөт, анын ичинен 300 миллион доллар 10-11-октябрь күндөрү фьючерстик жана маржиналдык позициялардын ликвидациясынан жапа чеккен колдонуучуларга компенсация катары бөлүнөт. Колдоо USDC стейблкоин түрүндө көрсөтүлүп, төлөмдөр жарыялангандан кийин бир күндүн ичинде баштала (кененирээк шилтемеде).
Binance калган 100 миллион долларды институционалдык кардарлар, маркет-мейкерлер жана профессионалдык трейдерлер үчүн жеңилдетилген насыя фондусуна багыттоодо. Максат — ликвиддүүлүктү турукташтырып, рынокко болгон басымды азайтуу.
«Binance колдонуучулардын жоготуулары үчүн юридикалык жоопкерчилик албайт, бирок компанияга болгон ишенимди калыбына келтирүү үчүн курал катары атайын программаларды киргизет. Биржа буга чейин да техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн дал ушундай чараларды көргөн », — деп билдиришти компаниядан.
Компаниянын маалыматына караганда, крипторынок азыркы тапта макроэкономикалык факторлордун жана жөнгө салуучулардын күчөп жаткан көзөмөлүнүн таасири астында турат. Ошентсе да, инфраструктуралык оюнчулар өз милдеттерин аткарып, туруксуз мезгилдерде да активдүү аракет кылууга даяр экенин көрсөтүүдө. Бул кадам тармактагы бардык көйгөйлөрдү чечпесе да, ишенимди — децентралдашкан каржы системалары үчүн эң маанилүү ресурсту акырындык менен калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт.
«Текстте аталган айрым продуктылар жана кызматтар сиздин аймакта жеткиликтүү болбошу мүмкүн, так маалыматты колдоо кызматы аркылуу билиңиз», — деп кошумчалашты Binance компаниясынан .