Курс USD 87.27 / 87.74
Курс EUR 100.79 / 101.79
Курс RUB 1.107 / 1.131
Курс KZT 0.146 / 0.177
USD USD
87.27 / 87.74
EUR EUR
100.79 / 101.79
RUB RUB
1.107 / 1.131
KZT KZT
0.146 / 0.177

Binance биткоиндин баасынын өсүшү тууралуу: «Бул кыска мөөнөттүү секирик эмес, жетилген суроо-талаптын натыйжасы»

Биткоиндин баасы жаңы тарыхый рекордду жаңылап 123 миң 218 АКШ долларына жетти. Бул өсүштүн артында бир нече негизги факторлор турат. Негизги кыймылдаткыч институционалдык инвесторлордун туруктуу кызыгуусу болду, ал спот ETF аркылуу билдирилди.
Binance биткоиндин баасынын өсүшү тууралуу: «Бул кыска мөөнөттүү секирик эмес, жетилген суроо-талаптын натыйжасы»

Бул тууралуу Binance маалымдады.

SoSoValue маалыматына ылайык, бардык спот биткойн-ETFнин башкаруусунда азыркы учурда жүгүртүүдөгү монеталардын 6,43%ы, башкача айтканда, 150 миллиард доллардан ашуун суммадагы активдер бар. Ал эми 7-июлдан 11-июлга чейин ETF фонддорго 2,72 миллиард доллар тартылган. Мындай капитал агымынын оң динамикасы бешинчи жума катары менен уланууда. Өсүшкө макроэкономикалык шарттар да таасир берди.

«Дүйнөлүк рыноктордо тобокелчиликке болгон кызыгуу күчөп жатат. Nasdaq жана S&P 500 индекстеринде жаңы тарыхый максимумдар байкалууда. Инвесторлор жасалма интеллект, технология жана санарип экономикасы менен байланышкан акцияларга активдүү инвестиция салышууда. Binance Research маалыматына караганда, корголгон активдерден тобокелдүү активдерге, анын ичинде криптовалюталарга капиталдын массалык өтүүсү жүрүп жатат. Биткоинге болгон кызыгуу ушул тенденциянын логикалуу уландысы болуп калды», — деп билдирди Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европадагы, Борбор Азия менен Африкадагы аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков.

Криптовалюталарга болгон ишкердик деңгээлдеги кабыл алуу да кыйла жогорулады. Binance Research белгилегендей, барган сайын көптөгөн компаниялар биткоинди өздөрүнүн корпоративдик резервдерине кошуп жатышат. Бул «криптоказына» концепциясынын кеңейишине алып келүүдө. Бул процесс ар кандай юрисдикциялардын ичинде тез өнүгүп жатат. Ark Invest маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери компаниялардын балансында санарип активдерди кармоого болгон кызыгуу эки эсеге көбөйдү.

«Strategy (мурунку MicroStrategy) — биткоиндин эң ири ачык акционердик кармоочусу — жакында дагы 4 миң 225 BTC сатып алды. Ушул жылдын 13-июлуна карата алардын балансында 601 миң 550 BTC бар. Бул бүтүндөй биткоиндин чыгарылышынын 3%ына жакыны. Бул тикоиндин узак мөөнөттүү стратегиялык актив катары кабыл алынышын бекемдейт. Андан тышкары, Deloitte 2025 Global Blockchain Survey изилдөөсүнө ылайык, дүйнө жүзүндөгү ири компаниялардын жогорку жетекчилеринин 73%дан ашыгы алдыдагы 3–5 жыл ичинде санарип активдер бизнес-стратегияда маанилүү ролду ойнойт деп эсептешет», — деп бөлүштү Хомяков.

Ошол эле учурда рыноктогу маанай этияттуу бойдон калууда. Коркуу жана ачкөздүк индекси 67 деңгээлинде турат, бул орточо ачкөздүк болуп саналат жана суроо-талаптын ашыкча эмес экенин көрсөтөт. Бул BTC өсүшү структуралык негизде жүрүп жатканын, спекуляция эмес экенин билдирет.

TradingView маалыматына ылайык, жалпы крипторыноктун капитализациясы 3,67 триллион долларга жетти. Ал эми биткоиндин рыноктогу үлүшү 63,8%га төмөндөдү. Бул альткоинго болгон кызыгуунун кайрадан жанданышынан кабар берет.

«Демек, учурдагы биткоиндин өсүшү кыска мөөнөттүү секирик эмес, тескерисинче, макроэкономикалык тенденциялар, институционалдык кабыл алуу жана компаниялардын финансылык стратегияларына криптовалюталардын интеграциясы менен байланышкан, терең жана туруктуу суроо-талаптын жыйынтыгы болуп саналат», — деп жыйынтыктады Binance өкүлү.

Эске салсак, 2025-жылдын 20-январында биткоин тарыхый баа чегин жаңылап, 109 миң 588 долларга жеткен, ал эми 22-майда жаңы максимум коюлуп, биткоин 111 миң АКШ долларынан ашкан. Анда Кирилл Хомяков мындай деген эле, «крипторынок дагы көп жолу тарыхый максимумдарды жаңылайт». 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.