Binance крипто чабуулдан кийин 6,5 млрд долларлык активдерди тоңдурууга жетишти
Binance криптовалюта биржасы Абу-Даби эл аралык каржы борборунун (ADGM) сотунан 2026-жылдын 29-октябрындагы коопсуздук окуясына байланыштуу активдерди тоңдурууга жана кайтарып алууга мүмкүндүк берген соттук токтом алды.

Соттук тыюунун суммасы 6,5 млрд долларды түзөт. Компаниянын маалыматына ылайык, бул мындай мүнөздөгү ачык жарыяланган эң ири чара болушу мүмкүн.
ADGM соттору алдамчылыкка шектелген белгисиз адамдарга карата активдерди тескөөгө дүйнөлүк масштабдагы тыюу салды. Ошондой эле уурдалган криптоактивдерди сактап калууга жана кайтарып алууга багытталган убактылуу камсыздоо чаралары кабыл алынды. Мында активдери камакка алынган айрым адамдарга укук бузууларды жасагандыгы боюнча айып тагыла элек.
Binance окуядан жабыркаган бардык колдонуучулардын активдери толугу менен калыбына келтирилгенин баса белгиледи. Компания каржылык жоготууларды өз мойнуна алган, бирок уурдалган каражаттарды кайтарып алуу иштери уланууда.
Чабуулга байланыштуу криптовалюталардын кыймылын көзөмөлдөө үчүн капчыктардын болжол менен 26 миң дарегинен турган жаңыланып туруучу тизме түзүлдү. Ал үзгүлтүксүз толукталып турат, ал эми криптовалюта рыногунун катышуучуларына өзгөрүүлөр тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлөт.
Бул биржаларга жана башка компанияларга шектүү транзакцияларды ыкчам аныктоого, ошондой эле кылмышкерлер которууга же адалдоого аракет кылган активдерди тоңдурууга мүмкүндүк берет.
Соттун токтомунда документтерди кабарлоо жана тапшыруу боюнча адаттан тыш механизмдер да каралган. Алардын катарында блокчейн аркылуу кабарлоо ыкмасы бар.
Binance компаниясынын кызыкчылыгын коргогон Gibson Dunn юридикалык фирмасынын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай чаралар уурдалган каражаттардын которулушуна ыкчам жооп кайтарууга жардам берип, аларды кайтарып алуу үчүн укуктук негиз түзөт.
Айрым эмитенттер, биржалар жана башка өнөктөштөр камакка алынган активдерди бөгөттөн чыгаруу, которуу же кайтаруу үчүн расмий сот чечимин талап кылышат.
Binance укук коргоо органдары, мамлекеттик мекемелер, криптобиржалар, эмитенттер жана блокчейн-аналитика менен алектенген компаниялар менен кызматташууну улантып жатканын билдирди.
Биргелешкен иш уурдалган каражаттарды көзөмөлдөөгө, аларды бөгөттөөгө жана мыйзамдуу ээлерине кайтарууга багытталган.
Компания соттун токтомун алуу тергөөнүн маанилүү этабы экенин, бирок иштин аяктаганын билдирбей турганын белгиледи. Binance активдерди кайтарып алуу үчүн мыйзамда каралган бардык жеткиликтүү механизмдерди колдонууну көздөп, процесстин жүрүшү тууралуу текшерилген маалыматтарды жарыялоону улантат.
Эске салсак, буга чейин Американын соту АКШнын Юстиция министрлигине Binance ири криптобиржасынан уурдалган 1,2 млрд долларлык криптовалютаны конфискациялоого уруксат берген.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.