Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда белгисиз адам атайылап жана пайда табуу максатында «WhatsApp» мессенджери аркылуу ишенимге кирип, өзүн КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, тергөө абагынан бошотуп берүүгө жардам көрсөтөм деген шылтоо менен 17 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал 2022-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Бишкек ШИИББгы жарандарды сак болууга жана өздөрүн укук коргоо органдарынын же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер же телефон аркылуу акча талап кылган адамдарга ишенбөөгө чакырат.
Эгерде сиз да ушул сыяктуу жагдайга кабылсаңыз, төмөнкү телефондорго кайрылууга болот:
- +996 990 561 333;
- +996 557 933 277;
- +996 551 102 774;
- «102».

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.