Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Бишкектен Ысык-Көлгө поезд – билет баасы канча турат

5-июндан тарта Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттай баштайт.

Бишкектен Ысык-Көлгө поезд – билет баасы канча турат
Сүрөт: Интернеттен алынды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, поезд Боом капчыгайы аркылуу өтүп, эс алуучуларды Ысык-Көлдүн жээгине чейин жеткирет.

Эң арзан билет накталай эмес төлөм менен 150 сом (накталай төлөм - 180 сом) болот. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн билет баасы 73 сомдон башталат.

Жол киренин баасы:

  • Аймактар аралык вагондор -  150 сомдон башталат;
  • Люкс - 500 сомдон башталат;
  • VIP - 800 сомдон башталат;
  • VIP-купе (бир купе үчүн) - 6 000 сомдон башталат.

Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 08:06да жөнөйт, ал эми «Балыкчы пляж» токтоо пунктуна саат 12:37де келет. Кайра жөнөө саат 18:40да болуп, Бишкек-2 бекетине саат 23:11де келет. 

Каттам 5-июндан 21-июнга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү, ал эми 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын каттайт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.