Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Бишкектин тургуну криптовалюта алмаштырам деп алдамчыга жолуккан

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан 82,5 миң доллардан ашык суммадагы криптовалюта алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды.

Бишкектин тургуну криптовалюта алмаштырам деп алдамчыга жолуккан
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек ШИИББнын маалыматы боюнча, 2024-жылдын август айында белгисиз адамдар жабырлануучунун 82 550 USDT өлчөмүндөгү акча каражатын долларга алмаштыруу шылтоосу менен ээлеп алышкан. Сүйлөшүүлөр борбордогу Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Аталган факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө 43 жаштагы киши кармалып,  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларды улантууда.

Шаардык милиция акча каражаттарын бейтааныш адамдар аркылуу эмес мыйзамдуу финансылык аянтчалар аркылуу гана алмаштыруу керектигин эскертти.

Эскерте кетсек, Banks.kg буга чейин USDT'ни колдон алмаштыруудагы алдамчылыктын мүмкүн болгон ыкмалары, ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда USDT сатып алууда жана аны накталай акчага айландырууда каражатты жоготуп алуудан кантип сактануу керектиги тууралуу макала жарыялаган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.