Бишкектин тургундары экологиялык жылытууга өтүү үчүн 1 млн сомго чейин насыя ала алышат

Дүйнөлүк банктын долбооруна ылайык, Кыргызстанда коммерциялык банктар аркылуу жылуулук насосторун, электр казандарын жана күндүн энергиясы менен суу жылытуу системаларын орнотууга каржылоо берилет.

Бишкектин тургундары экологиялык жылытууга өтүү үчүн 1 млн сомго чейин насыя ала алышат
Сүрөт: интернеттен алынды

Борбор калаанын тургундары жакында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында, үйлөрүнө экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу менен модернизациялоо үчүн бир миллион сомго чейин кредит ала алышат. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги билдирди. 

Долбоорго ылайык:

  • тургундар үйлөрүн модернизациялоо үчүн 1 миллион сомго чейин жеңилдетилген пайыздык чен менен кредит ала алышат, 
  • жабдууларды берилүүчү компаниялар жылуулук жабдууларын берүү жана орнотуу үчүн 5 миллион сомго чейин насыя ала алышат.               

«Бүгүнкү күндө Бишкекте, айрыкча жеке сектордо жылытуу системасы дагы эле көмүр менен отунга көз каранды. Көпчүлүгү үйлөр эскирген жана натыйжасыз жылытуу системаларын колдонушат, бул айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышынын жогорулашына алып келүүдө. Долбоордун алкагында көрүлүп жаткан чаралар шаар тургундарынын ден соолугун жакшыртууга, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана борбор калаанын экологиялык туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп жазылат маалыматта. 

Долбоордун 2-компоненти «Жылытуу үчүн кыйла таза чечимдерди киргизүүнү колдоо» жылытуунун таза технологияларын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыйт. Бул чечимдердин ички рыногун өнүктүрүүгө, үй чарбалары үчүн модернизациялоонун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды колдоого багытталган. 

«Долбоор абанын булганышын азайтууга, шаардыктардын ден соолугун жакшыртууга жана узак мөөнөттүү экологиялык туруктуулук үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашырылууда жана биз анын реалдуу натыйжаларды алып келерине ишенебиз», — деп белгиледи Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ДИИБ) директору Бермет Мусакожоева. 

Долбоордун 2-компоненти боюнча ишти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жүргүзөт. 

Каржыланган инвестициялар үй чарбаларынын ар кандай категорияларына наркы жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча оптималдуу чечимдерди тандоого мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө. 

Маалымат үчүн:

«Абанын сапатын жакшыртуу» долбоору 2023–2028-жылдар аралыгында ишке ашырылып жатат жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген шарттары бар пайызсыз кредит түрүндө каржыланууда.