Бишкек ШИИББнын маалыматына ылайык, милиция бөлүмүнө шаар тургуну кайрылып, К.Ж. аттуу жаранга чара көрүүсүн суранган. Ага ылайык, эркек киши арыз ээсин алдоо жолу менен ага таандык батирди мыйзамсыз ээлеп алып, башкаларга сатып жиберген.
Натыйажада жабырлануучуга 4 млн 810 миң 892 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1984-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган жаран шаар тургунун батирсиз калтырган.
Статистикага ылайык, алдамчылык Кыргызстанда кылмыштын эң тез өсүп жаткан түрүнө айланды. 2026-жылдын январь-май айларынын аралыгында өлкөдө алдамчылык боюнча 6 миң 144 учур катталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.