«Нөлдүк» көрсөткүчтөрү бар ишканалар статистикалык отчет тапшыруудан бошотулат

Жаңы эрежелерге ылайык, эгер юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр жана жеке ишкерлер отчеттук мезгил ичинде каржылык-чарбалык иш жүргүзбөсө жана статистикалык формаларды толтурууга маалыматтары жок болсо, алар статистикалык отчет тапшыруу милдетинен бошотулат. Бул учурда тиешелүү аймактык статистика органын өз убагында кабардар кылуу зарыл.
Негизги шарт – «нөлдүк» көрсөткүчтөрдүн бар экендиги жөнүндө аймактык статистикалык органга өз убагында билдирүү.
Бул механизм КРнын президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгына жана аталган жарлыктын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын 2025-жылдын 15-апрелиндеги №2 Протоколуна ылайык киргизилген.
Улутстатком бул чараны киргизүү - бизнеске административдик жүктү азайтууга, отчеттук жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана респонденттер менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталгандыгына белгилейт.
Ишмердүүлүктүн жетишсиздигин билдирүүнүн тартиби
Ким билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү:
- Отчеттук мезгилде иш жүргүзбөгөн Кыргыз Республикасында катталган бардык юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр жана жеке ишкерлер.
Билдирүүнү каякка жөнөтүү керек:
- Билдирүү субъекттин катталган жери боюнча райондук (шаардык) статистика бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.
Берүү мөөнөтү:
- Билдирүү белгиленген отчеттук мөөнөт аяктаган күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүүгө тийиш.
Билдирүүдө эмнелер көрсөтүлүүсү зарыл
Билдирүүдө төмөнкү маалыматтар болушу зарыл:
- Уюмдун толук аталышы / Жеке ишкердин аты-жөнү;
- ОКПО коду;
- Катталган дареги;
- Отчеттук мезгил (мисалы: «2025-жылдын апрель айы үчүн»);
- Ишмердүүлүк жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө белгилөө (мисалы: «отчеттук мезгилде ишмердүүлүк жүргүзүлгөн жок, каржылык-чарбалык иш болгон жок»);
- Жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын колу;
- Билдирүүнүн түзүлгөн күнү.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.