Өлкөнүн бизнеси рекорддук суммага - 3 миллиард сомго кепилдик колдоо тапты

«Кепилдик фонд» ААКсы үстүбүздөгү жылы өзүнүн ишмердигинин бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине берилген кепилдиктердин кезектеги рекорддук суммасына жетишти.

Өлкөнүн бизнеси рекорддук суммага - 3 миллиард сомго кепилдик колдоо тапты

Бул сумма үч миллиарддык белгиден ашып, 11-декабрга карата 3 миллиард 48 миллион сомду түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2 млрд 820 млн сом деңгээлинде болгон, ал учурда эң жогорку көрсөткүч болгон.

2024-жылы берилген кепилдиктердин көрсөтүлгөн суммасы ишкерлерди 8 млрд 770 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсы аркылуу бизнести өнүктүрүүгө багытталган кредиттик каражаттардын суммасы 8 млрд 26 млн сомду түздү.

Фото: www

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.