«Кепилдик фонд» ААКсы аркылуу ишкерлер жыл башынан бери 2,4 миллиард сомдон ашык суммага кредиттерди алышты
2025-жылдын башынан бери «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан жалпы суммасы 756,8 миллион сомдон ашык суммага 573 кепилдик берилген, бул өлкөнүн ишкерлерине 2,4 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган.

Кепилдик фонд түзүлгөндөн бери ишкердик субъекттерин колдоонун чөйрөсүн бир топ кеңейтти. Бардыгы болуп ишмердүүлүктүн бардык мезгилинде жалпы суммасы 12,1 млрд сомдон ашык суммага 11 726 кепилдик берилген, анын аркасында ишкерлер дээрлик 37,5 млрд сомдук каржылоого ээ болушкан.
«Кепилдик фонд» ААКсы ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм сыяктуу тармактар кала берет.
Каржылоо өлкөнүн аймактарына, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларына багытталып, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Кепилдик боюнча кенештерди жана толук маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу ала аласыз:
- +996 (556) 62 53 79;
- +996 (554) 17 71 05;
- +996 (312) 62 53 79.
Фото: www
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.